Трамптын 14 жаштагы уулу коронавирус жуктуруп алды

АКШ президентинин жубайы Мелания Трамп уулу коронавирус жуктурганын жарыялады.

Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, Америка президентинин кичүү уулу  жана Мелания Трамптын жалгыз баласы Барон Уильям Трамп 2006-жылы 20-мартта туулган.
Белгилей кетсек, Мелания Трамп 14 жаштагы уулу Барондун коронавируска берген анализи оң болгонун, бирок эч кандай белгилери жок экендигин билдирди.
Ак үйдүн айтымында, Барон Уильям Трамп алдыраак ата-энеси коронавируска чалдыккан соң, анализ берип, терс натыйжа алган.
Ал эми Дональд Трамптын коронавируска тестинин жыйынтыгы өткөн бейшембиде, Джо Байден менен Кливленддеги биринчи дебатынан 48 саат өткөндөн кийин оң болуп чыккан.
Ал Ак үйгө кайтып келгенден кийин, Вашингтондун четиндеги Уолтер Рейд аскердик госпиталында үч гана күн ооруканада жатып чыккан.

Комментарий жиберүү