Трамп өзүн Иса машайыкка салыштырды

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүн Иса машайыктан кийинки дүйнөдөгү эң популярдуу экинчи адам деп атады.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги жазды. Ошол эле учурда, АКШ президентинин чыныгы рейтинги өлкө ичинде деле жогору эмес экени белгилүү. Аны америкалыктардын жарымынан көбү колдобойт. Трамп Кудайдын Уулу менен атаандашууга барбай тургандыгын белгилеп, “Жакында эле бирөө мага: “Сен дүйнөдөгү эң белгилүү адамсың” деди. Мен: “Жок, мен эмес” деп жооп бердим. Анда алар: “Ким көбүрөөк белгилүү?” деп сурашты. “Иса машайык” деп жооп бердим”, – деди.

Президент сүйлөгөн Түндүк Каролина штатынын аудиториясы бул билдирүүнү оң кабыл алды. Түндүк Каролина салттуу түрдө Кошмо Штаттардагы эң диний жана консервативдүү штаттардын бири катары саналып, көпчүлүк тургундар Трампты колдошот.

Комментарий жиберүү