Японияда COVID-19га каршы жаңы препарат сунушталды

Япониянын «Fujifilm» компаниясы COVID-19га каршы күрөшүү үчүн жаңы препаратты сунуштады.

Бул тууралуу «Pars Today» агенттиги «Kyodo» агенттигине шилтеме берип кабарлады. Маалыматка ылайык, «Fujifilm» компаниясы коронавирус менен ооруган бейтаптарды вируска каршы «Авиган» препараты менен дарылоо үчүн Япониянын Саламаттыкты сактоо министрлигине лицензия сурап кайрылды.

Бул дарынын клиникалык сыноолору сентябрь айында аяктаган. Препарат коронавируска чалдыккан адамдарда COVID-19 симптомдорун азайтууда натыйжалуу болуп, айыгуу убактысын азайткан.

Комментарий жиберүү