ДССУ: Коронавирус илдетин дарылоодо ремдесивир дарысынын эч кандай таасири жок!

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму изилдөөлөрүнүн натыйжалары коронавируска каршы “ремдесивир” дарысын колдонуу натыйжасыз экендигин же бул илдет менен ооругандардын өлүмүн азайтууга таасири аз экендигин көрсөткөнүн билдирди.

Бул тууралуу “Tasnim News” агенттиги маалымдады.
Ошондой эле, уюмдун жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн натыйжасы гидроксихлорохин, лупинавир, ритонавир жана интерферон дарылары коронавирус менен ооруган бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн таасири аз же таптакыр эле жок экенин көрсөткөн.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, бул изилдөө 30дан ашуун өлкөнү камтыган жана анда бул дарылар менен дарылоонун жалпы өлүмгө, коронавирус менен ооругандардын ооруканада болуу узактыгына тийгизген таасири каралган.
Агенттик учурда жаңы вируска каршы дары-дармектердин жана моноклоналдык антителолордун SARS COV2ге тийгизген таасири иликтенип жаткандыгын билдирди.

Комментарий жиберүү