Азербайжандын Гянжа шаарына жасалган ракеталык чабуулдан 12 жай тургун мерт болду

Азербайжандын коргоо министрлиги Гянжа шаарына ракеталык чабуул жасалып, андан улам 52 адам жабыркаганын маалымдады.

Бул тууралуу “ILNA” агенттиги “Anadolu” агенттигине шилтеме берүү менен жазды. Билдирүүгө караганда, ракеталык чабуулдан 12 жай тургун, анын ичинде эки бала каза таап, 40 киши жаракат алды. Азербайжан Республикасынын президентинин жардамчысы Хикмет Гаджиев дагы Твиттердеги баракчасынан Гянжа шаарына ракеталык чабуул жасалганын тастыктап, учурда куткаруучулар жаракат алгандарды урандылардын алдынан чыгарып жатышканын кошумчалады. Ал учурда  шаардын жашоочуларына келтирилген зыяндын көлөмү бааланып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Тоолуу Карабак аймагындагы Армения менен Азербайжан Республикасынын  ортосундагы аскердик кагылышуулар 27-сентябрь күнү эртең менен башталган.  Эки өлкөнүн расмий адамдары  Москвада ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол койгонуна карабастан тараптардын ортосундагы кагылышуу токтой элек. Келишимдин  бузулушуна Армения менен Азербайжан бири-бирин айыптап жатат.

Комментарий жиберүү