Бахрейн менен сионисттик режим компромисстүү билдирүүгө кол коюшту

Аль-Халифа режиминин тышкы иштер министрлиги менен сионисттик режимдин өкүлдөрү эки тараптын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Mehr агенттигинин Аль-Маядинге шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Манама шаарында  Бахрейндин ТИМи менен сионисттик режимдин өкүлдөрү эки тараптын ортосундагы мамилелерди орнотуу боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.
Белгилей кетсек, бул билдирүүнүн жоболорунда “Израиль менен Бахрейн толук дипломатиялык мамилелерди орнотуп, борборлорунда элчиликтерин ачып, өз элчилерин дайындайт”,- деп жазылган.
Ошондой эле билдирүүгө ылайык,  Тель-Авив менен Манама бири-бирине каршы кастык аракеттерин жасашпайт жана үчүнчү жактардын өз аймагында мындай аракеттерди жасашына жол бербейт жана тынчтыкта жанаша жашоого жана билим берүүгө милдеттенишет.
Кошумчалай кетсек, ушул билдирүүнүн башка жоболоруна экономика жана инвестиция, авиация, туризм, соода, илим жана технология, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, суу, энергетика жана укуктук кызматташуу жаатындагы келишимдерге кол коюлган.
Эске салсак, Бахрейн жана сионисттик режимдин элчиликтерди ачуу жана дипломатиялык мамилелерди орнотуу боюнча келишимге АКШнын Каржы министри Стивен Мнучиндин катышуусунда расмий түрдө кол коюла  тургандыгы мурдараак жарыяланган.
Жалпыга маалымдоо каражаттары Бахрейн эки тараптын ортосунда “келишимдин” ордуна дипломатиялык кызматташтык жөнүндө декларацияга кол коюуну талап кылгандыгын жазып чыгышты. Анткени, ички сын-пикирлерге байланыштуу Аль-Халифанын чиновниктери Тель-Авив менен мамилени БАЭге караганда жай темп менен жөнгө салууну каалашат.
Ал эми Бахрейн ТИМи менен сионисттик режимдин дипломатиялык мамилелерине кол коюгандан кийин бир канчалаган бахрейндиктер нааразычылык акцияларына чыгышкан.

Комментарий жиберүү