Кыргызстан 20дан ашы көлкөгө бал экспорттогон

Кыргызстандан  үстүбүздөгү жылдын сегиз айында дээрлик 250 тонна бал жыйырмадан ашык өлкөлөргө экспорттолгон.

Sputnik агенттигинин маалыматына ылайык,  ушул жылдын январь айынан августка чейин Кыргызстан 249,5 тонна бал саткандыгын Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Белгилей кетсек, экспорттун жалпы көлөмү 905 миң долларды (68,3 миллион сом) түздү. Кыргызстан пандемия учурунда төмөнкү өлкөлөргө бал экспортогон (тонна менен) :
Кытай – 73,8;
Сауд Аравия – 34,3;
Бириккен Араб Эмираттары – 27,7;
Кувейт – 26;
Андорра – 18,9;
Түштүк Корея – 10,3;
Япония – 9,9;
Тайвань – 9,9;
АКШ – 8,8;
Франция – 7,4;
Катар – 7,1;
Өзбекстан – 3,5;
Малайзия – 3,5;
Россия – 2,8;
Оман – 2,8;
Бахрейн – 1;
Казакстан – 0,7;
Улуу Британия – 0,5;
Индия – 0,2;
Германия – 0,1;
Иордания – 0,1;
Сингапур – 0,1;
өлкө көрсөтүлгөн эмес – 0.1.
Эске салсак,  өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргыз Республикасы 235,6 тонна балды 1,1 миллион доллардан ашык суммага саткан.

Комментарий жиберүү