Мединадагы «Масжид ан-Наби” мечити кайрадан ачылды

Медина шаарындагы “Масжид ан-Наби” мечитинин коомдук иштер боюнча директору Пайгамбарыбыздын (с.а.в) мечитинин эшиктери сыйынуучуларга ачылгандыгын жарыялады.

Iran Press жаңылыктар агенттигинин маалыматына ылайык, Пайгамбарыбыздын мечитинин коомдук иштер боюнча бөлүмүнүн башчысы “Абду Рахман Ас-Садис”  сыйынуучуларга Аллахтын парзын аткарууга жана Азирети Пайгамбарыбыздын (с.а.в) мүрзөсүн зыярат кылууга уруксат берилгендиги менен куттуктады.
Белгилей кетсек, Сауд Аравиянын мамлекеттик телекөрсөтүүсү 18-октябрда жарыя кылуу менен үстүбүздөгү жылдын март айынан бери биринчи жолу Сауд Аравиясынын ичиндеги жарандарга жана тургундарга Меккедеги Улуу мечитте намаз окууга уруксат берилгенин маалымдады.
Сауд Аравиясынын Кызыл Жарым Ай фондусу 200 зыяратчыларга “Масжид ан-Наби” мечитинин алдына кирүүгө уруксат берүү планын ишке ашыргандыгын жарыялады.
Эске салсак, коронавирустун жайылышын көзөмөлдөө үчүн Пайгамбарыбыздын мечити марттан бери жабык болгон. Ал эми “хаж жана умра” иштери 4-октябрдан тарта акырындык менен жанданууда.

Комментарий жиберүү