АКШ Конгрессинде Түркияны НАТОдон чыгаруу сунушталды

Мурда президенттикке талапкер болгон жана АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Тулси Габбард Тоолуу Карабак жаңжалына катышкандыгы үчүн Түркияны НАТОдон чыгарууну сунуш кылды.

Бул тууралуу АКШнын Армян Улуттук комитети Твиттерде жазганын “ir.Sputniknews” агенттиги маалымдады.
Билдирүүдө “Жаңы резолюцияда Түркиянын АКШ аскерлерине жасаган кол салуулары айыпталды. Тулси Габбард Анкараны НАТОдон чыгууга чакырды”, – деп жазылган.
Ошондой эле Түркиянын Тоолуу Карабак жаңжалында Азербайжанды колдоосу НАТОнун позициясына каршы келери баса белгиленген. Мындан тышкары, билдирүүнүн авторлору Тоолуу Карабактагы кагылышууда Анкаранын  согушкерлеринин катышкандыгын, ошондой эле Түркиянын F-16 учактарынын согуш жүрүп жаткан аймактагы операцияларга катышкандыгы жөнүндө билдиришкен.
Буга чейин Сириянын оппозициялык булактары   Анкаранын согушкерлердин бир тобун Азербайжанга өткөрүп берүү планы жөнүндө кабарлашкан. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сириядан Тоолуу Карабакка аскер күчтөрүн жөнөткөндүгү тууралуу маалыматты четке кагып, кийинчерээк Орусияны, АКШны жана Францияны Арменияга аскердик колдоо көрсөтүп жатат деп айыптаган.
Буга чейин, Сириянын президенти Башар Асад дагы Түркиянын Тоолуу Карабакта террористтерди колдонгондугу жөнүндө айткан. Мындан тышкары, Орусиянын тышкы чалгындоо кызматы экстремисттик топтор чыр-чатак чыккан аймакка чын эле тартылып жатканын маалымдаган. Орусиянын тышкы чалгындоо кызматынын башчысы Сергей Нарышкин бул жерде сөз жүздөгөн, ал тургай миңдеген жалданма адамдар жөнүндө айтылып жатат деп билдирген.

Комментарий жиберүү