БУУ: Йеменде уюмдун жардам программалары токтойт

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик ушул жылдын аягына чейин уюмдун Йемендеги негизги программалары кыскара тургандыгын билдирди.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги маалымдады.
“БУУнун Йемендеги программаларына керектүү каржылык колдоо көрсөтүлбөсө, мындай программалардын саны кыскарат”, – деди Стефан Дюжаррик.
Ал уюмга каржылык колдоолордун азайганына токтолуп, “БУУнун программаларын каржылоонун азайышы Йемендеги гуманитардык операциялардын токтошуна алып келди. Чындыгында, буга чейин, БУУнун бул өлкөдөгү 16 программасы алсыраган же токтотулган”, – деди.
“Бул уюмдун Йемендеги негизги программаларынын саны 41ге жеткен, айтылган 16 программадан тышкары, ушул жылдын аягына чейин дагы 25 программа токтойт”, – деп баса белгиледи Дюжаррик.
Ошондой эле, буга чейин БУУнун Йемендеги гуманитардык долбоорунун 42 пайызы каржылангандыгын айтып, азыркы учурда өлкөдө кагылышуулар дагы деле уланып жатканын жана алар өлкөдө коронавирусунун жайылып баратканына жаңы күбө болуп турушканын билдирди.

Комментарий жиберүү