Иранда жарым миллиондон ашуун адам COVID-19 вирусун жуктурган

Иран Ислам Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү акыркы бир суткада 4251 жаңы бейтаптын коронавирусу аныкталып, 337 өлүм катталганын жарыялады.

Mehr агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Сима Садат Лари билдиргендей, 19-октябрда  4251 жаңы бейтаптын коронавирусу аныкталуу менен өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 534 631ге жетти.
Ал мындай деп кошумчалады: “Тилекке каршы, акыркы 24 сааттын ичинде 337 бейтап  бул илдеттен  көз жумуп, өлкөдө каза болгондордун жалпы саны 30712ге жетти.”
Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү вирус башталгандан ушул күнгө чейин 431 360 бейтап ооруканадан сакайып чыгышканын жана учурда ушул дарттын оор абалында ооруканаларда 4771 бейтап каралып жатканын белгиледи.
Сима Садат Лари  ушул кезге чейин өлкөдө 4,540,455 жаранга COVID-19 вирусун диагностикалык тесттери жасалганын билдирди.
Ал эми берилген маалыматтарга караштуу Тегеран, Исфахан, Кум, Чыгыш Азербайжан, Түштүк Хорасан, Семнан, Казвин, Лорестан, Ардебил, Хузестан, Керманшах, Кохгилуйе жана Бойер-Ахмад, Гилан, Бушехр, Занжан, Илам, Хорасан Разави, Мазандаран, Чахармахал жана Бахтияри, Альборз, Батыш жана Борбордук Азербайжан, Керман, Түндүк Хорасан, Хамедан, Язд жана Күрдистан, Хормозган, Фарс жана Гүлестан провинциялары өлкөнүн COVID-19 вирусу кеңири жайылган кызыл зоналарга кирет.

Комментарий жиберүү