Орусия Иран менен коргонуу жана аскердик кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасады

Орусиянын расмий адамдары Ирандын курал эмбаргосунун аякташын жылуу кабыл алып, эки өлкөнүн  коргонуу жана аскердик кызматташтыгын өнүктүрүү зарылдыгын белгилешти.

Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык,  Ирандын курал-жарактарга киргизилген чектөөсү 18-октябрда аяктап, мындан тарта өлкөнүн курал-жарак импорту менен экспортуна уруксат берилди.
Ал эми Ирандын курал эмбаргосунун алынышын кубаттап, Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва-Тегерандын коргонуу жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи.
Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков дагы өз өлкөсү АКШнын санкцияларынан коркпой тургандыгын жана Иран менен аскердик-техникалык кызматташтыкты уланта берерин билдирди.
Ошондой эле  Орусия ТИМнин өкүлү Мария Захарова дагы Иранга каршы курал эмбаргосунун жоюлгандыгын эске алуу менен эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыктын бардык мүмкүнчүлүктөрү тийиштүү түрдө караларын кошумчалады.
Эске салсак, акыркы айларда АКШ Ирандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин №2231 алкагындагы курал эмбаргосун узартуу үчүн бир топ аракеттерди көрдү, бирок Ирандын куралдарына чектөө киргизүү боюнча Вашингтондун  кысым келтирүүлөрү ишке ашкан жок.

Комментарий жиберүү