Сионисттик согушкерлер Аль-Акса мечитине кол салышты

Сионисттик согушкерлердин Аль-Акса мечитине кол салуулары палестиналыктарга каршы күч колдонуу менен аяктады.

Mehr News агенттигинин палестиналык ЖМКаларына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, сионисттик кошуун оккупацияланган аймактардагы душмандык аракеттеринин алкагында Аль-Акса мечитине кол салып, палестиналыктар менен катуу кагылышты.
Билдирүүгө ылайык,  сионисттик согушкерлер 20-октябрда таң эрте Аль-Акса мечитине мыкаачылык менен кол салышып,  мечитте турган палестиналыктар менен катуу кагылышышкан. Андан кийин сионисттик кошуундар бир катар палестиналыктарды кармап
 кетишкен.
Кармалгандардын арасында Аль-Акса мечитинин белгилүү күзөтчүлөрүнүн бири Иса Баракат да бар.
Белгилей кетсек, ошол эле учурда сионисттер басып алынган Иерусалимдеги Салван шаарына кол салышып, палестиналыктардын бир канча үйлөрүн талкалашкан.

Комментарий жиберүү