Азербайжан армиясынын операциялары улантылууда

Азербайжандын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө, Агдере, Физули, Жабраил жана Губадлы багыттарындагы операциялардын түнү бою ар кандай күч менен уланганы билдирилди.

Арменияга таандык болжол менен 400 аскерден турган 556-полк батальонунун дээрлик бардыгы Азербайжан армиясы тарабынан зыянсыздандырылды.

Бул темага байланыштуу билдирүүнү Азербайжандын Коргоо министрлиги жасады.

Билдирүүдө Жабраил багытында жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында Армения армиясынын 556-батальону нейтралдаштырылгандыгы белгиленди.

Азербайжан армиясы өз аймагын Армениянын оккупациясынан куткаруу үчүн баштаган операциялар уланууда.

Азербайжандын Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө, Агдере, Физули, Жабраил жана Губадлы багыттарындагы операциялардын түнү бою ар кандай күч менен уланганы билдирилди.

Билдирүүдө Армения күчтөрүнүн Азербайжан армиясынын коргонуу тилкесин замбирек жана миномет менен аткылаганы, ошондой эле Армения армиясынын Жабраил жана Губадлы багытындагы 18-моторлуу дивизиясынын жоготууларга учурап чегингендиги белгиленди.

Азербайжан армиясы Армения армиясынын 5-чабуулчу полкунун позицияларын жарып өтүп, көп сандаган курал-жарак жана ок-дарыларды колго түшүрүп, көп сандаган аскерлер зыянсыздандырылганы маалым болду.

Армения армиясынын 6-жана 7-чабуулчу полкунун өздүк курамынын арасында көп сандаган набыт болгондор жана жаракат алгандар бар экени маалымдалды.

Кагылышууда Азербайжан армиясы тарабынан үч артиллериялык батарея, бир нече миномет жана үч жүк ташуучу унаа жок кылынганы баса белгиленди.

Азербайжан армиясы фронттун бардыгын көзөмөлдөп тургандыгы белгиленди.

Министрликтин дагы бир билдирүүсүндө Армения армиясы Тертер шаарын аткылагандыгы айтылган.

Комментарий жиберүү