АКШда бүгүнкү күнгө чейин 8,3 миллион адам коронавируска чалдыкты

Жон Хопкинс ЖОЖунун акыркы статистикасына ылайык, АКШда коронавирус менен катталгандардын саны акыркы суткада  57 806 адам болуп, жалпы саны 8,3 миллионго жеткен.

Fars News агенттигинин маалыматына ылайык,  АКШда акыркы суткада 845 адам көз жумуп, өлкөдөгү корнавирустун курмандыктарынын жалпы саны 220 955ке жетти.
Белгилей кетсек, Кошмо Штаттардагы коронавирустун жайылышын талдаган Covid Usa жаңылыктар сайты, өлкөдө коронавирус менен ооругандардын жалпы саны жакынкы айда 10 847 621ге жетээрин жана курмандыктардын санын 243 238 адам түзөөрүн божомолдогон.
Ал эми Калифорния штаты 883,076 учуру жана 17 015 өлүмү менен Американын Covid-19 оорусунун эпицентри болуп саналып, андан соң Техас жана Флоридадан кийин Нью-Йорк  486 480 учур менен төртүнчү орунда турат.
Жон Хопкинс университетинин акыркы статистикасына ылайык, дүйнө жүзү боюнча кеминде 40. 711.175 адам коронавируска чалдыккан, алардын ичинен 1.123.824 адам каза болуп, кеминде 27.847.006  адам сакайды.
Covid-19 вирусунун курмандыктарынын саны боюнча АКШ дагы эле дүйнөдө биринчи орунда турат, андан кийин Индия 7 597 063 учур жана 115197 өлүм менен экинчи, ал эми Бразилия 5 273 954 учур жана 154 837 өлүм менен Covid-19  ооругандардын саны боюнча дүйнө жүзүндө үчүнчү орунда турат.

Комментарий жиберүү