Иран Кыргызстан менен коргоо өнөр жайы тармагында кызматташууга даяр

Кечээ, 20-октябрда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Иран Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Саид Харазини кабыл алды.

Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ирандын элчиси Саид Харази Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифтин атынан Кыргызстандын Тышкы иштер министри болуп дайындалышы менен расмий куттуктоосун министр Руслан Казакбаевге тапшырды жана мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-иран кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрүндөгү актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болуп өттү.

Харази пандемияга байланыштуу кырдаалды эске алганда, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири медицина жаатындагы кызматташтык деп эсептеп, Иран Кыргызстан менен бул тармакта кызматташууга даяр деп билдирди. Мындан тышкары, ирандык дипломат эки өлкөнүн кызматташтыгынын жаңы перспективалуу багыттарынын бири коргонуу өнөр жайы тармагы болушу мүмкүн экендигин айтты. Ал 18-октябрда Иранга каршы коюлган курал-жарак эмбаргосу алынганын белгилей кетти.

Руслан Казакбаев маектешине Кыргызстандагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымат берип, учурда өлкөдөгү кырдаал  турукташканын, болуп өткөн саясий процесстер укуктук талаага кайтканын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин бардык бутактары легитимдүү экенин, ал эми бийликтин аткаруу органдары иштерин штаттык режимде улантып жатканын белгиледи.

Мындан тышкары, ал Ирандын өкмөтү тарабынан 2020-жылдын  май жана август айларында коронавируска каршы күрөшүү үчүн көрсөтүлгөн гуманитардык жардамга, ошондой эле Ош шаарында 1 млн. АКШ доллар өлчөмүндө иран грантына олимпияда чемпиону Г.Тахти атындагы кыргыз-иран достугунун спорт комплексинин курулушу аяктагандыгына жана аны Мэриянын балансына өткөрүлүп берилишине байланыштуу ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде, ирандын элчиси эки мамлекеттин ортосундагы жылуу жана боордош мамилелердин бардыгын ырастаган өз ара колдоо көрсөтүлүп жаткан Кыргызстан менен Ирандын ортосунда орнотулган достук мамилелерди жогору баалады.

Комментарий жиберүү