Криштиану Роналду Хабиб Нурмагомедовду колдоорун билдирди

Криштиану Роналду Хабиб Нурмагомедовду Жастин Гайтжини жеңишине толук ишенет.

Knews.kg сайтынын маалыматына ылайык, дүйнөлүк футболдун жылдызы Криштиану Роналду UFCнин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен убактылуу титулдун ээси Жастин Гайтжинин ортосундагы биригүү матчы жөнүндө өз оюн билдирди.
«Албетте, Хабиб сөзсүз түрдө жеңип чыгат. Менин иним жеңет, Иншааллах! ”, – деди Роналду социалдык тармактардагы күйөрмандары менен баарлашуу учурунда.
Нурмагомедов буга чейин 35 жаштагы португалиялык футболчу менен дос экендигин айтып, аны Дагестанга чакыргысы келерин белгилеген.
32 жаштагы Нурмагомедов аралаш мушташ боюнча карьерасында 28 мушташтын бардыгын жеңип чыккан, ал эми Гайтжинин эсебинде 22 жеңиш жана эки жеңилүү бар.
Эскерте кетсек, 24-октябрда дүйнөнүн мыкты эки жеңил салмактагыларынын титулдук күрөшү Абу-Дабиде UFC 254 аталышы менен өтөт.

Комментарий жиберүү