Кытайда 60 миңге жакын адам COVID-19га каршы вакциналарын сыноого катышты

 Кытайда коронавируска каршы вакциналардын ар кандай түрлөрүн сыноого 60 миңге жакын адам катышкан.

CentralAsia (CA) маалымат порталынын Интерфакска шилтеме берип маалымдоосуна ылайык,  Кытайдын Илим жана технология министрлигинин өкүлү Тян Баогуонун айтымында, COVID-19га каршы вакциналарын сыноо учурунда олуттуу терс таасирлер болгон эмес.
“Кытайда, клиникалык сыноолордун үчүнчү этабына карата коронавируска каршы төрт вакцина бар. Учурда сыноолордун алкагында 60 миңге жакын адам эмдөөдөн өткөн жана аларда  терс таасирлери байкалган жок”, – деди ал.
Белгилей кетсек, Кытайдын мамлекеттик фармацевтикалык компаниясынын (China National Pharmaceutical Group Sinopharm) бөлүмү жана АКШда катталган Sinovac Biotech компаниясы ушул өкмөттүк программанын алкагында үч вакцинаны иштеп чыгууда.
Ал эми CanSino Biologics тарабынан иштелип чыккан төртүнчү COVID-19 вакцинасы июнь айында Кытай армиясы тарабынан колдонууга бекитилген.

Комментарий жиберүү