Лавров Азербайжан жана Армениянын ТИМ жетекчилери менен кеңешти

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада армениялык жана азербайжандык кесиптештери менен өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.

IRNA агенттигинин маалыматына ылайык, Орусиянын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Тоолуу Карабак аймагында ок атууну токтотуу боюнча буга чейин бекитилген келишимдердин аткарылышына байланыштуу маанилүү маселелер каралды деп жарыялады.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги сүйлөшүүлөр боюнча мындан тышкары кошумча маалымат берген жок.
Белгилей кетсек, бул сүйлөшүүлөр өткөн аптада өткөн Орусиянын президенти Владимир Путин менен Азербайжан жана Армениянын президенттеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин болду.
Эске салсак, Азербайжан Республикасы менен Армениянын ортосундагы аскердик чыр-чатак Тоолуу Карабак аймагындагы 6 пункттан башталды жана эки тарап, Москвадагы сүйлөшүүлөрүндө жетишилген ок атышпоо келишимине карабастан, ок атышууларын улантып келген.
Бул жаңжалда Азербайжан Республикасы өзүнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо принцибине таянып, Арменияны оккупациялоону токтотууга чакырса, экинчи жагынан, армян тарап “өз тагдырын өзү аныктоо укугу” принцибине таянып, Армениянын укуктарын таанууга чакырууда.

Комментарий жиберүү