Тоолуу Карабак Азербайжанды бир нече турак жай аймактарын аткылады деп айыптады

Өзүн-өзү жарыялаган Тоолуу Карабак Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын куралдуу күчтөрү Тоолуу Карабакта бир нече турак жай аймактарын аткылаганын билдирди.

Бул тууралуу «ir.Sputnik News» агенттиги маалымдады.
Аталган мекеменин телеграмм каналында жарыяланган билдирүүдө: “21-октябрда Тоолуу Карабактагы Мартуни жана Мартакерт аймактары кайрадан аткыланды. Азербайжандын куралдуу күчтөрү Мартуни шаарын жана Гаргар айылын аткылап, натыйжада карапайым адамдар жапа чегишти”, – деп жазылган.
Маалыматка караганда, Тоолуу Карабактын борбору Степанакерт шаарында абал тынч жана түн тынч өттү. Абадан сокку урулганын билдирген сирена үнү угулган жок жана аткылоо болгон жок. Көчөлөр адаттан тыш унааларга жана адамдарга жык толгон.
Тоолуу Карабакта Азербайжан менен Армениянын акыркы тирешүүсү 27-сентябрда башталган. Армения менен Азербайжан бири-бирин согуш баштады деп айыпташууда. Өзүн-өзү, анын ичинде борборун Степанакерт деп жарыялаган Тоолуу Карабак Республикасы аймактары артиллериялык бомбалоолорго туш болгонун билдирүүдө.
Армения Анкара Бакуну жигердүү колдоп жатат жана жалпы мобилизация жана согуш абалын жарыялады деп ырастоодо. Азербайжанда айрым күчтөрдүн мобилизациясы жана айрым жерлерде согуш абалы жарыяланган.
Орусия, АКШ жана Франциянын лидерлери буга чейин чыр-чатактын тараптарын жаңжалды токтотууга жана алдын-ала шарттарсыз сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырышкан. Түркия эгер Тоолуу Карабакта кырдаал курчуп кетсе, Азербайжанга кандай гана колдоо сурабасын, жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Комментарий жиберүү