Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы: Эгер Израиль менен мамиле түзсөк, Ирандын жообунан корком

Израиль гезити: Бин Салман Израиль менен мамиле түзгүсү келет, бирок Иран, Катар жана Сауд элинин жообунан коркот.

«ir.Sputnik News» агенттиги Израилдин “Haaretz” гезити бейшембидеги макаласында израилдик миллиардер Хаим Сабан менен анын жакын досу Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасынын жолугушуусу жөнүндө жазганын кабарлады.
Жолугушууда мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман Хаим Сабанга Иран менен Сауд Аравиясынын элинин Израиль менен мамиле түзгөнүнө карата жообунан корко тургандыгын айткан.
АКШнын учурдагы шайлоо өнөктүгүндө Демократиялык партиянын демөөрчүсү Сабан Саудиянын мураскер ханзаадасы ага Израиль менен толук дипломатиялык алака түзүүдөн тартынып жатканын айтканын билдирди. Себеби, анын айтымында, бул иш-аракет ал үчүн чоң саясий чыгымдарды алып келиши мүмкүн.
Сабандын айтымында, Сауд Аравиянын Ханзаадасы учурда кошуналарына (Бахрейн жана БАЭ) кошула албастыгын, анткени бул анын Иран, Катар жана Сауд эли тарабынан өлтүрүлүшүнө алып келиши мүмкүндүгүн билдирген.
“Haaretz” гезити Хаим Сабан менен Бин Салмандын жолугушкан убактысы жөнүндө маалымат берген эмес. Сабан Бахрейн менен БАЭнин Тель-Авив менен мамилелерин жөнгө салуу макулдашуусуна кол коюу аземине катышкан бир нече демократтардын бири болгон.

Комментарий жиберүү