А жана С витаминдери организмдин иммундук системасын көтөрүүчү алдыңкы витаминдерге кирет

Организмдин иммундук системасын көтөрүү үчүн сөзсүз түрдө кымбат мөмө-жемиштерди сатып алуунун кажети жок.

ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Хузестан провинциялык ден-соолук борборунун туура тамактануу тобунун башчысы жашылчалардын көпчүлүгү витаминдердин жакшы булагы экендигин жана иммунитетти чыңдай тургандыгын баяндады.
“Кымбат мөмө-жемиштерди же белгилүү жана чет өлкөлөрдөн алынып келген баалуу мөмө-жемиштерди сатып алуунун кажети жок. Организмдин иммундук системасын көтөрүүчү жашылча-жемиштерди кыйла арзан баада сатып алсаңыз деле болот”,- деди Ирандын Хузестан провинциялык ден-соолук борборунун туура тамактануу тобунун башчысы Махнуш Сахебдел.
Махнуш Сахебдел ISNA агенттигине берген маегинде организмдин иммундук системасын чыңдоочу күзгү мөмө-жемиштерге токтолуп: “Күзгү мөмө-жемиштердин көпчүлүгү А жана С витаминдеринин булагы болуп саналат”,- деди. Бул эки витамин иммундук системаны чыңдоодо маанилүү ролду ойнойт жана эң күчтүү иммундук системаны көтөрөт.
Ал мындай деп кошумчалады: “Цитрус жемиштеринде С витамининин көлөмү жогору жана азыр лимон, мандарин жана апельсин сыяктуу цитрус мезгили келди.”
Хузестан ден-соолук борборунун тамактанууну жакшыртуу тобунун башчысы А жана С витаминдерге бай жашылчаларды атап, мындай деди: С витамини петрушка жана болгар калемпири сыяктуу жашылчаларда дагы бар. Сабиз менен ашкабак А витамининин жакшы булагы, ал эми күз – ашкабактын мезгили”, – деди ал.
Ал ошондой эле А жана С витаминдери бар күзгү жемиштин арасында алма жана курма сыяктуу жемиштер учурда базарларда арбын жана жеткиликтүү баада сатыларын белгиледи.
“Көпчүлүк жашылчалар витаминдердин жакшы булагы болуп саналат жана иммунитетти көтөрөт”,- деди ал. Сизге кымбат баалуу мөмө-жемиштерди же эң жакшы сапаттагы мөмө-жемиштерди сатып алуунун кажети жок, бирок жемиштерди кыйла арзан баада сатып алып, иммундук системаңызды көтөрсөңүз болот”,- деди Махнуш Сахебдел.

Комментарий жиберүү