Калибаф: Ислам душмандарынын айла-амалдары өздөрүнө кайтат

Иран Ислам Кеңешүү Ассамблеясынын төрагасы Мухаммед Бакер Калибаф, Франция лидерлеринин Ислам Пайгамбарына (САВ) карата акаарат келтирген сөздөрүн айыптап, Ислам душмандарынын арам ойлору өздөрүнө кайтаарын баса белгиледи.

Parstoday агенттигинин маалыматына ылайык, Мухаммад Бакер Калибаф Иран Ислам Кеңешүү Ассамблеясынын ачык сессиясында мындай деди: “Франция лидерлеринин Пайгамбарыбыз Мухаммадга (САВ) карата акаараты бүткүл дүйнөдөгү мусулмандардын жүрөгүн оорутту”.
Калибаф мындай деп кошумчалады: “Өздөрүнө каршы кичинекей сөздөргө чыдабаган Франциянын лидерлери, эми Исламга жана бардык асман диндерге каршы кастыгын көрсөтүшүп, эл арасындагы адамгерчиликке, боорукердикке, тынчтыкка жана ынтымакка маани бербегендиктерин жана сыйлабастыктарын көрсөтүштү.”
Иран Ислам Кеңешүү Ассамблеясынын Төрагасы, Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) нурун адамзатка каршы ушундай сокур аракеттер менен өчүрүүгө болбой тургандыгын айтты.
Эске салсак, жакында Франциянын “Шарли Эбдо” журналы Ислам пайгамбары (САВ) жөнүндө мазактаган карикатураларды кайра жарыялады.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон бул боюнча дипломатиялык салттардан жана демократиянын принциптеринен алыс болгон билдирүү жасап, Франция Ислам пайгамбарына (САВ) каршы акаарат келтирген карикатураларын мындан ары да жарыялай берерин айтты.

Комментарий жиберүү