Пакистан Фейсбукка кайрылып, исламофобиялык билдирүүлөрдү чектөөгө чакырды

Пакистандын премьер-министри Фейсбуктун башкы директоруна жазган катында социалдык медиада исламофобиялык мазмундагы материалдарды жарыялоого тыюу салууга чакырды.

IQNA IR агенттигинин Geo TV телеканалына шилтеме берип маалымдаганына караганда, Пакистандын премьер-министри Имран Хан Твиттердеги баракчасында Facebookтун башчысы Марк Цукербергге кайрылып, Холокостко каршы жарыяларга киргизилген чектөөлөргө окшош исламофобиялык мазмундагы материалдарды да жарыялоого тыюу салууга чакырды.
“Мен муну дүйнө жүзү боюнча жек көрүүчүлүккө, экстремизмге жана зордук-зомбулукка социалдык тармактарды, анын ичинде Фейсбукту үндөп жаткан исламофобияга көңүл бурулуусу үчүн жазып жатам”,- деп жазган Имран Хан.
“Тилекке каршы, кээ бир өлкөлөрдө мусулмандар жеке тандоодон, кийим кийүүдөн жана сыйынууга чейин жарандык укуктарынан куржалак калышууда”,- деп кошумчалады ал.
Индиядагы исламофобияга токтолуп, Имран Хан: “Мусулмандарга каршы мыйзамдар, анын ичинде жарандык мыйзамдардын кемтиги, ошондой эле мусулмандарды атайылап өлтүрүү, коронавирустун жайылышына күнөөлөө жана ушуга окшош нерселер исламофобиянын жийиркеничтүү көрүнүштөрүн чагылдырат”,- деп кошумчалады.
Имран Хан: “Францияда исламды терроризм менен жаңылыштык менен байланыштырышат жана тилекке каршы Исламды жана Азирети Пайгамбарыбызга (САВ) акаарат келтирген  жалган мультфильмдерди жарыялоого уруксат берилет. Бул коомду дагы бөлүп-жарып, айрыкча Франциядагы мусулмандарды обочолонтот”,- деп баса белгиледи.
Имран Хан Фейсбуктун башкы директоруна кайрылып: Социалдык тармактарда мусулмандардын куугунтукталып жаткандыгын эске алып, мен Сизден Холокостту колдогондой эле Фейсбукта исламофобияга жана Исламга каршы жек көрүүгө тыюу салууга чакырам”,- деп жазган.

Комментарий жиберүү