Эрдоган француз товарларын бойкоттоого чакырды

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Франциянын президенти Эммануэль Макрондун исламга каршы позициясына жооп кылып, түрк коомчулугун француз өндүрүшүндөгү товарларга бойкот жарыялоого чакырды.

Бул тууралуу “Mehr News” агенттиги кабарлады. Маалыматка ылайык, Эрдоган кечээ, дүйшөмбүдө Макронду психологиялык текшерүүдөн өтүүгө чакырган. Ал Макронду “адашкан” адам деп атап, “Өлкөсүндөгү миллиондогон башка диндердин өкүлдөрүнө карата мамилеси үчүн ал психологиялык текшерүүдөн өтүшү керек”, – деп билдирген.

Эрдогандын бул сөзү үчүн Франция Түркиядагы элчисин Парижге чакыртып алган. Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Жозеф Боррелл дагы Эрдогандын бул сөздөрүн “кабыл алынгыс” деп атап, Анкараны бул кооптуу тирешүүнү токтотууга чакырган. Түрк лидеринин айтымында, көптөгөн мусулмандар Францияга бойкот жарыялоону каалашат.

Эске салсак, 16-октябрда Францияда Самюэль Пати аттуу мугалим сөз эркиндиги туралуу кеп кылып, Мухаммед Пайгамбардын(САВ) сүрөтү тартылган карикатурасын жарыялагандыгы үчүн 18 жаштагы окуучусунун колунан өлтүрүлгөн. Макрон француз мугалиминин өлтүрүлүшүнөн кийин билдирүү жасап, Франция карикатуралардан баш тартпайт деп убада кылган.

Комментарий жиберүү