Германияда 2-ноябран баштап чектелген карантин киргизилет

Германияда коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйшөмбүдөн баштап ноябрь айынын аягына чейин чектелген карантин киргизилет.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Германиянын канцлери Ангела Меркель Берлиндеги пресс-конференцияда өлкөнүн лидерлери менен коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү маселеси боюнча жолугушуунун аягында 2-ноябрдан тартып чектелген карантин киргизилерин жарыялады.
Меркель мунун бардыгы декабрь айында социалдык жашоону жандандырууга мүмкүнчүлүк түзүү максатында жасалып жатканын баса белгилеп, “Ноябрь айында жана 2-ноябрдан баштап кайрадан өлкөбүздүн бардык аймактарында күчүбүздү топтошубуз керек”, – деди.
Ошентип, Германияда 2-ноябрдан баштап үйдөн тышкаркы жолугушуулар эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү жана эң көп дегенде 10 кишинин ортосунда гана болуусуна уруксат берилет.
“Биз жеке байланыштарды кыскартууну чечтик. Демек, 2-ноябрдан баштап үйдөн тышкаркы жолугушуулар бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана эң көп дегенде 10 кишинин катышуусунда гана мүмкүн болот. Жеке үйлөрдөгү жана кечелердеги адамдардын саны катуу көзөмөлгө алынат”, – деп билдирди Меркель.
Ошондой эле, 2-ноябрдан баштап Германияда театрлар, кинотеатрлар, спорт залдар, сулуулук салондору, мейманканалар жана ресторандар убактылуу жабылат.
Меркелдин айтымына караганда, ноябрь айынын ортосунда кырдаал кайрадан текшерилет.

Комментарий жиберүү