Кайсы араб жана ислам өкмөттөрү Париждин исламды мазактаганын айыптады?

Ушул кезге чейин он үч араб жана ислам өлкөлөрү Франция президентинин жана француз басылмасынын ислам пайгамбарын (с.а.в) мазактоолорун айыпташты.

Fars News агенттигинин Эл аралык тобу билдиргендей, Франция президенти Эммануэль Макрондун исламга каршы позициясы жана басылмалардын Азирети Пайгамбарыбыздын (САВ) карикатурасын тартып, мазактаган мультфильмдерди жарыялоосу, дүйнө мусулмандарынын катуу толкундоолорун пайда кылып, бир катар араб жана ислам өлкөлөрүнүн катуу айыптоолоруна туш болду.
Белгилей кетсек, жакында эле Франциянын президенти Исламга каршы аракеттерди актоодо: “Ислам бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө кризиске учураган дин. Биз бул маселени бир гана өз өлкөбүздө көргөн жокпуз. Исламга каршы мыйзам долбоору Францияда исламдык экстремизм көйгөйүн күчөтөөрү анык. Ал кабыл алынгандан кийин биргелешкен жашоого өз мүмкүнчүлүгүбүздү бекемдөөгө туура келет”,- деп билдирген.
Эммануэль Макрон жакында Ливанга болгон иш сапарында “Charlie Hebdo” уюмунун акаарат келтирген иш-аракетин актап, Франция сөз эркиндиги бар өлкө экендигин жана бул жерде ислам пайгамбарын (с.а.в) кордогон сүрөттөрүн кайрадан жарыялоо чечимине кийлигише албастыгын билдирди.
Эске салсак, Франциядагы Азирети Пайгамбарыбызга (с.а.в) каршы акаарат сөздөрүнөн кийин, Ислам чөйрөлөрү бул маселеге ачууланып, бардык пайгамбарларга, айрыкча алардын акыркысы болгон Азирети Пайгамбарыбызга (с.а.в) болгон акаараттыкты жана сыйлабастыкты кескин айыпташты.
Ал эми Эрдоган жана Имран Хан баш болгон көптөгөн өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү Франция президентинин исламга каршы позициясына жооп кайтарышты.
Түркиянын “Анадолу” агенттиги ушул кезге чейин 13 араб жана ислам өлкөлөрү Париждин кадамын айыпташканын жарыялады:
Иран Ислам Республикасы: Ирандын ТИМ жетекчиси Мухаммад Жавад Зариф Твиттердеги билдирүүсүндө: “Мусулмандар колониялык режимдер тарабынан жайылтылып жаткан жек көрүмдүү культунун (Ваххабизмдин) негизги курмандыктары болушту. Ал эми ислам душмандары экстремисттердин оор кылмыштарын шылтоо кылып 1,9 млрд. мусулмандардын ыйык туткан нерселерине акаарат келтирүү менен сөз эркиндигин оппортунисттик кыянаттык менен пайдаланышууда.”
Белгилей кетсек, маселеге байланыштуу Иран Ислам Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Франциянын Тегерандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү “Флоран Идало” чакырылган. Иран ТИМи Европадагы жана дүйнөдөгү миллиондогон мусулмандардын сезимине доо кетирген француз бийликтеринин кабыл алынгыс иш-аракеттерин айыптап, мындай деп баса белгиледи: “Ислам дининин пайгамбарына (с.а.в) жана Ислам дининин таза баалуулуктарына карата жасалган ар кандай кемсинтүү жана сыйлабастык, кайсы гана адам же аткаминер тарабынан болбосун, катуу айыпталат.
Түркия: Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Францияда Азирети Пайгамбарыбыздын (с.а.в) мазактаган карикатураларын жарыялоону, Макрондун исламга каршы иш-аракеттерди колдоосун жана анын мусулмандарга жасаган мамилесин сынга алып, Франция президентинин акыл-эси өз оордунда эмес экендигин айтты.
Эрдоган ошондой эле өз өлкөсүнүн жарандарына мындан ары француз товарларын сатып албоону сунуштады.
Сауд Аравиясы: Сауд Аравиясынын расмий маалымат агенттиги Сауд Аравиянын Тышкы иштер министрлигинин кызматына шилтеме жасап, Эр-Рияд исламды терроризм менен байланыштыруу аракетин четке кагат жана кайсы бир тараптын террордук аракетин айыптайт -деп билдирди.
Катар: Катардын Тышкы иштер министрлиги өз билдирүүсүндө диндерди мазактагандыгы үчүн чагымчыл популисттик ураандардын күч алышын айыптады жана акыйда же динди жек көрүүчү сөздөрдүн бардык түрлөрүн четке кагарын билдирди.
“Провокациялык билдирүүлөр – Азирети Пайгамбарыбызды (с.а.в) атайылап кемсинтүү менен дүйнөдөгү эки миллиардга жакын мусулманга каршы багытталган аракеттерди кайталоого уюштурулган жана пландаштырылган чакырыктардын улануусу коопту учур”, -деп айтылат билдирүүдө.

Иордания: Өлкөнүн тышкы иштер министринин басма сөз катчысы “Зайфулла Али аль-Файез”, Амман өкмөтү пайгамбарыбызды (с.а.в) маскаралаган мультфильмдердин мындан ары да жарыяланышын айыптап, катуу нааразычылыгын билдирди. “Мындай иш-аракеттер башкалардын диний символдорун, ишенимдерин жана ыйыктыктарын урматтоо принциптерин ачык-айкын бузуу болуп саналат”,-деди ал.
Марокко: Марокко өкмөтү Азирети Пайгамбарыбызга (с.а.в) жана Исламга акаарат келтирүүнү айыптап жатып, муну жасагандар алардын акыл жактан жетиле электигин айгинелээрин белгиледи. Сөз эркиндиги дүйнөдөгү эки миллиарддан ашуун адам ишенген ислам динине каршы тукуруу жана алардын ыйыктыктарын мазактоого негиз бере албайт деп кошумчалады Марокко өкмөтү.
Кувейт: Тышкы иштер министрлиги Ислам Кызматташтык Уюмунун билдирүүсүн жактап жатып: Бул билдирүү бүткүл мусулман үммөтүнүн позициясын баяндайт жана мындай иш-аракеттерди жана кемсинтүүлөрдү четке кагууда ар тараптуу темалар бар деп билдирди.
Ошондой эле Кувейттин Тышкы иштер министрлиги кээ бир расмий саясий баяндамачылардын диндерге жана пайгамбарларга каршы мазактоолорун улантууларына карата эскертүү жасады.
Алжир: Өлкөнүн Жогорку Ислам Кеңеши өз билдирүүсүндө, Франциядагы Мухаммад пайгамбардын ыйыктыгына, толеранттуулуктун символу болгон Аллахтын эң мыкты жаратылышына жана бардык континенттердеги жүз миллиондогон адамдар ишенген ислам динине каршы жасалган координацияланган чабуулду катуу айыптаарын жарыялады.
Билдирүүдө бардык дүйнөлүк ойчулдар, диний уюмдар, адам укуктары боюнча органдар жана диндер аралык диалог жүргүзүү уюмдары ушул адамгерчиликсиз экстремисттик билдирүүлөргө каршы турууга чакырылган.
Ирак: Ирак парламенти сессия өткөрүп, Азирети Пайгамбарыбызды (с.а.в) кемсинткен жана аны мазактаган мультфильмдерди жарыялоону айыптады.
Ливия: Ливиянын Улуттук Коалиция өкмөтү ошондой эле Макрондун акаарат сөздөрүн айыптап, бул кадам саясий партияларга карата жек көрүүнү күчөтөт деп айтты.
“Биз Франциянын президентине Европалык Адам Укуктары Сотунун 2018-жылдагы чечимине ылайык, Азирети Пайгамбарыбызды (с.а.в) кемсинтүү сөз эркиндигинин алкагына жатпасын эскертебиз”, – деп билдирди өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мухаммед ал-Каблави.
Ал, Макронду артка кайтып, бир миллиарддан ашуун мусулмандардан, алардын айрымдары болгон франциялык мусулмандардан кечирим суроого чакырды.
Мавритания: Навакшут дагы Ислам элине каршы чагымчыл аракеттерди айыптады жана Азирети Пайгамбарыбызды (с.а.в) кемсинтип, мусулмандардын намыстарына тийүү маселеси боюнча Ислам Кызматташтык Уюмунун билдирүүсүн тастыктоо менен бул жүрүм-турумга каршы экендигин белгиледи.
Йемен: Йемендик “Ансар аль-Хуси” партиясынын лидери Сайед Абдул Малик аль-Хуси Франциянын президенти Эммануэль Макрондун “Ислам бардык тармактарда кризисте” деп айтканын мисал келтирди.
” Францияда же башка Батыш өлкөлөрүндө сионизмге каршы бир нерсе айтууга тыюу салынат. Бирок пайгамбарга жана исламга акаарат келтирүүдө “сөз эркиндигине” жол ачылат”,- деди аль-Хуси.
Йемендин Ансар аль-Хуси лидери буга чейин өлкөлөрдү Бириккен Улуттар Уюмуна жана Коопсуздук Кеңешине кайрылуу менен пайгамбарларга акаарат келтирүүгө каршы мыйзам кабыл алууга чакырган. Ошондой эле ал Франциядан дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү артка чакыртып алуу менен Франциянын элчилерин ар кайсы өлкөлөрдөн кууп чыгууну сунуш кылган.
Отставкага кеткен Йемендин тышкы иштер министри Мухаммед аль-Хадрами дагы Твиттердеги билдирүүсүндө Франциянын мазактоосун айыптап, ал бардык мусулман эркектердин жана аялдардын сезимдерине акаарат келтирүү деп мүнөздөдү.
“Исламга карата акаарат сөздөр зомбулукка, терроризмге жана экстремизмге үндөйт” деди ал.
Пакистан: Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Франциянын Исламабаддагы элчисин чакырып, президенттин мусулмандарга каршы аракетин айыптаган. Мындай позиция Пакистандын премьер-министри Имран Хан Макрондун мусулмандарды, анын ичинде Франция жарандарын атайылап тукуруп жатканын “өкүнүчтүү” деп билдиргенден бир күн өткөндөн кийин болду.

“Президент Макрон Исламды жана Пайгамбарыбызды (с.а.в.) мазактаган каралоочу карикатуралардын көрсөтүлүшүн кубаттоо менен Европадагы жана дүйнөдөгү миллиондогон мусулмандардын сезимдерине кол салууда” деди ал.
Пакистандын Улуттук Ассамблеясы ошондой эле Франциянын исламга жана мусулмандарга болгон акааратын айыптады.
Эске салсак, Кыргызстандын намыскөй мусулмандары да бул нерсеге көңүл кош карап турбастан, 1-ноябрда Пайгамбарыбызды (с.а.в) акаараттоого каршы нааразычылык акция уюштурушмакчы. Берилген маалыматтарга караштуу демонстрация борбордук аянтта өткөрүлөт.

Комментарий жиберүү