Руханий лидер Франциянын жаштарына: Холокостко шектенүү эмне үчүн кылмыш, ал эми пайгамбарды мазактоо сөз эркиндиги болот-деп Макронго суроо узаткыла

Ислам Ыңкылабынын Руханий Лидери Франциянын президентинин Пайгамбарыбыз (САВ) жөнүндө акаарат сөздөрүнөн кийин франциялык жаштарга кайрылуу жасады.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Франциянын президенти Эммануэль Макрондун Ислам Пайгамбарыбызга (с.а.в) акаарат келтирген карикатурасын жактап айткан сөздөрү дүйнө жүзүндөгү мусулмандардын кыжырына тийди.
Ушул себептен Ислам Ыңкылабынын лидери аятолла Хаменеи франциялык жаштарга кыскача кайрылуу жасады.
Аятолла Хаменеинин социалдык тармактарда жарыяланган кайрылуусунун тексти төмөнкүдөй:
“Аллахтын ысымы менен!
Франциянын жаштары!
Силер өз президентиңерден мындай деп сурагыла: Эмне үчүн ал Аллахтын пайгамбарына акаарат келтирүүнү колдойт жана муну сөз эркиндиги деп эсептейт? Бул сөз эркиндиги дегенди билдиреби: жаркыраган жана ыйык жүздөрдү кемсинтүү жана мазактоо? Бул жеткен акылсыздык жана аны президент кылып шайлаган улуттун абийирине шек келтирүү эмеспи?
Кийинки суроо: Холокостко ишенбөөчүлүк эмне үчүн кылмыш болуп саналат? Эмнеге эгер кимдир-бирөө бул жөнүндө бир нерсе жазса, ал түрмөгө отурушу керек, бирок пайгамбарыбызга акаарат келтиргендер эркин жүрүшү керек?”
Эске салсак, мындан мурда Францияныны презиенти “Шарли Эбдо” гезитинин Ислам пайгамбарын (с.а.в) мазактаган карикатурасын жактап: “Бул сөз эркиндиги”,- деп билдирген. Анын мындай билдирүүсү милиарддаган мусулмандарды иренжитип, айрым ислам өлкөлөрүнүн франциялык товарларга бойкот жарыялашы менен коштолууда.

Комментарий жиберүү