Францияда белгисиз киши бычак менен элге кол салды

Франциянын Ницца шаарындагы Нотр-Дам чиркөөсүнүн жанында белгисиз адам элге бычак менен кол салып, бир нече адам жабыркады.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. BFMTV телеканалы маалымдагандай, окуядан бир киши каза таап, бир нечеси жаракат алды.

Маалыматка караганда, кол салган адам полиция тарабынан колго түшүрүлдү.

РИА Новости агенттиги маалымдагандай, шаардын мэри Кристиан Эстрози бул кол салууну террордук акт болушу мүмкүн деп болжолдоду.

Комментарий жиберүү