Азербайжан Арменияга таандык “Смерч” ракета системасын жардырды

Азербайжан Берде аймагында жарандарды бутага алган Арменияга таандык «Смерч» ракета системасын жардырды.

TRT/Net/TR маалымат порталы билдиргендей, Азербайжан коргоо министрлиги Арменияга таандык «Смерч» ракета системасы атылып түшүрүлгөнүн жарыялады.
Белгилей кетсек, Армения армиясынын фронттон 60 километр алыстыктагы Берде шаарына «Смерч» ракеталары менен 27 – 28 – октябрда жасаган кол салуусунда 25 жаран каза болуп, 70тен ашуун киши жараланган.
Бир тараптан Азербайжан армиясы ок атышпоо режимине карабастан фронттун башка багыттарында түнү менен Азербайжан аскерлерине жана отурукташуу жерлерине ок аткан Армения күчтөрүнө каршы күрөшүүлөрүн улантууда.
Азербайжан коргоо министрлигинен берилген маалыматта кагылышуулары Агдере, Хожавенд жана Губадлы багыттарында улантылып жаткандыгы белгиленди.
Тирешүү башталгандан бери Армения армиясына таандык 2 Су-25 учагы, 3 Т-72 танкасы, 1 брондолгон жөө унаа, 2 “Смерч” жана 1 “Град” ракета системасы, 10 башка типтеги мылтык, 2 Гвоздика өзү жүрүүчү гаубица, 1 ОСА зениттик учагы, 1 П-18 радиолокациялык унаасы жана 4 автоунаа жок кылынып, көп сандаган аскердик кызматкери атылган.
Учурда фронттун Азербайжан армиясынын көзөмөлүндө экендиги баса белгиленди.

Комментарий жиберүү