Азирети Пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнү менен бирге “Ынтымак” жумалыгы башталды

Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафанын (САВ) туулган күнү жана “Биримдик Аптасы” быйыл 12- Раби ал- Ауваль, 29-октябрга ылайык келет.

Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, “ахли сунна валь-жамаъа” Раби ал-Аувалдын он экинчиси жана “шийъа” мазхабындагылар он жетинчисинде Ислам Пайгамбарынын (САВ) туулган күнү катары белгилешет.
Ислам дүйнөсүндө биримдиктин жарчыларынын бири болгон Иран Ислам ынкылабынын орнотуучусу маркум Имам Хомейни, бул маселени ислам топторун бириктирүү жана жакындатуу үчүн колдонуп, ушул эки датанын (12ден 17ге чейин Раби ал-Аваль) ортосундагы аралыкты “Биримдик Жумасы” деп атап кеткен.
Ушул апта ислам дүйнөсүндө, айрыкча ушул баш аламандык мезгилинде тилектештиктин зарылдыгын кылдаттык менен карап чыгууга жакшы мүмкүнчүлүк.
Ар кандай мазхабдардагы мусулмандар кээ бир көз-караштары жана өкүмдөрү боюнча айырмаланып турушса дагы, жалпылыктары көп, мисалы, бир Кудайга, Куранга, Пайгамбарга жана бир кыбылага ишенүү менен биригишет.
Ал эми Иран Ислам Республикасында бул аптага байланыштуу быйыл “Ислам Биримдиги” 34-Эл аралык конференция башталды.
Конференцияга 47 мамлекеттен 167 Ислам дүйнөсүнүн көрүнүктүү ишмерлери, ошондой эле Ирандан 120 өкүл конференция темалары боюнча вебинар өткөрүшөт.
Ошондой эле, сунни жана шиит аалымдарынын сионисттик режим менен мамилелерди нормалдаштырууга бойкот жарыялоо боюнча 200 фатвасын камтыган “Палестина ислам аалымдарынын абийиринде” китебинин бет ачары болот.
Ислам биримдиги боюнча 34-конференция 29-октябрдан 3-ноябрга чейин өткөрүлөт.

Комментарий жиберүү