Жаңы сурамжылоодо Байден 51,1%, ал эми Трамп 43,6% добушка ээ болушту

АКШдагы президенттик шайлоо боюнча акыркы сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча Демократиялык партиянын өкүлү Республикачыл атаандашынан сегиз пайызга алдыда.

Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, Real Clear Politics сайтынын АКШдагы президенттик шайлоо боюнча акыркы сурамжылоосу боюнча демократтардын талапкери Жо Байден, Республикачыл партиянын 43,1% топтогон талапкери Дональд Трамптан, 51,1% добуш менен алдыда экендигин көрсөттү.
Белгилей кетсек, АКШда президенттик шайлоо 2020-жылдын 3-ноябрында өтмөкчү.
Акыркы айларда АКШдагы көпчүлүк сурамжылоолордун жыйынтыктары Байден Трамптан алдыда экендигин көрсөттү.
Эске салсак, карама-каршы саясат, коррупция, күтүүсүз жүрүм-турум жана туура эмес башкаруу Трамптын америкалыктардын алдында популярдуулугун түшүрдү.

Комментарий жиберүү