Францияда чиркөөдө кол салган адам тунистик жаран экендиги аныкталды

Кечээ, 29-октябрда Франциянын Ницца шаарындагы чиркөөдө адамдарга бычак менен кол салган киши тунистик жаран экени аныкталды.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги “Nice Matin” басылмасына шилтеме берип кабарлады. “Чиркөөдөгү адамдарга бычак менен кол салган адам 21 жаштагы Тунистин жараны, ал буга чейин полицияга белгисиз болгон”, – деп айтылат маалыматта. Ал полицияга сентябрь айынын башында Италиянын Лампедуза аралы аркылуу Францияга келгенин айтып берген.

Полиция бул кылмышкер тууралуу маалыматтарды иликтөөдө. Учурда бул кылмыш ишин прокуратуранын антитеррордук бөлүмү тергеп жатат. Кечээ күнү Ниццада бычак менен куралданган белгисиз киши Нотр-Дам чиркөөсүндө адамдарга кол салып, андан улам 3 адам каза таап, бир нечеси жаракат алган. Чабуулчу жаракат алып, колго түшүрүлгөн.

Комментарий жиберүү