Азербайжан Республикасы менен Армения карапайым жарандарды бутага албоого макулдашышты

Минск тобу Женевада өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин, Азербайжан Республикасы менен Армения карапайым жарандарды бутага албоо боюнча макулдашканын билдирди.

Fars News агенттигинин Эл аралык тобу билдиргендей, Минск тобу өз билдирүүсүндө Азербайжан менен Армения Швейцариянын Женева шаарында 30-октябрда болуп өткөн сүйлөшүүлөрдө жарандарды жана жарандык объектилерди бутага албоого макулдашты деп билдирди.
Минск тобунун билдирүүсүнө ылайык, Баку менен Ереван ошондой эле Эл аралык Кызыл Крест Комитетине бир жуманын ичинде алмашууга мүмкүн болгон туткундардын тизмесин берүүгө макул болушту.
Белгилей кетсек, Орусиянын БУУдагы элчиси Василий Небензя 30-октябрда өткөн маалымат жыйынында кырдаал курчуп кетсе, БУУнун Коопсуздук Кеңеши Тоолуу Карабак жаңжалын талкуулай тургандыгын билдирди.
“Мен эки тарап макулдашкан нерселерин аткарышат деп ишенем, менин айтаарым; ок атууну токтотуу келишими ишке ашырылат”, – деп кошумчалады ал.
Эске салсак, Азербайжан менен Армениянын тирешүүсү 27-сентябрда башталган жана эки тараптын Тоолуу Крабак боюнча согушунда курман болгондордун саны миңге чукулдап калды.

Комментарий жиберүү