Алжирди колонияга алуу мезгилиндеги Франциянын кылмыштарынын бетин ачуу

Алжир президентинин тарыхый маселелер боюнча кеңешчиси Алжирдин колониялык мезгилиндеги франциялык кылмыштарын ачыкка чыгарды.

Iran Press маалымат агенттиги билдиргендей, Алжирдин президенти “Абдулмажид Табундун” тарыхый иштери боюнча кеңешчиси “Абдулмажид Шейхи” колониялык мезгилде француздар Алжир согушкерлеринин сөөктөрүнөн самын жасап, кантты тазалоо үчүн колдонгонун ачыкка чыгарды.
Абдулмажид Шейхи мындай деп билдирди: “Алжирдеги кыргындан кийин француздар бул өлкөдө курман болгондордун көпчүлүгүнүн сөөктөрүн Франциянын Марсель шаарына алып кетишкен.”
Алжир президентинин тарых иштери боюнча кеңешчиси ошондой эле француздар Алжирге колониялык мезгилдеги архивдерди (документтерди жана сүрөттөрдү) кайтарып берүүдөн баш тартышкан- деп билдирди.
Белгилей кетсек, президент Абдулмажид Шейхини Алжирдеги колониялык мезгилдеги (1830-1962ж.) иш кагаздар боюнча француздар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн дайындаган.
Эске салсак, Франция менен Алжир төрт жыл бою чечиле элек төрт тарыхый иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келе жатышат; Бул файлдардын бири Алжир архивине байланыштуу, аны француз бийликтери Алжирге өткөрүп берүүдөн баш тартышкан.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү