Түркияда жер титирөөдө каза болгондордун саны 12ге жетти

Түркиянын Экология жана шаар куруу министри Мурат Курум Измир аймагындагы жер титирөөдө каза болгондордун саны 12ге жетип, 590 киши жабыркаганын билдирди.

Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Кечээ, 30-октябрь түштөн кийин Түркиянын Измир провинциясында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө болду. Түрк бийлиги Измирде кеминде 20 турак жай кыйраганын билдирди. Жер силкинүү Грециянын Самос аралында да сезилип, жергиликтүү сейсмологдор анын күчүн 6,9 баллга жеткенин билдиришкен. Ал жерде имараттын дубалы кулап, эки адам каза болуп, бир нече киши жаракат алган.

Комментарий жиберүү