Франциянын экс-президенти: Террорчуларды мусулмандар менен чаташтырбаш керек

“Террорчуларды мусулмандар менен чаташтырбоо керек”,- деди Франсуа Олланд, Франциядагы акыркы окуяларга токтолуп.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Франциядагы акыркы окуяларга жооп кылып, өлкөнүн экс-президенти террорчуларды мусулмандар менен чаташтырбоо керектигин эскертти.
“Террорчуларды мусулмандар менен аралаштырбагыла. Бул нерсе талаш-тартыштарды жаратат жана биз аны каалабайбыз”,-деди Франсуа Олланд Франциядагы Ницца окуясына жооп берип жатып.
Белгилей кетсек, Франциянын президенти Эммануэль Макрон Ницца шаарындагы чиркөөгө кол салууну “террордук акт” деп билдирип, мындай деп кошумчалады: “Бул – Исламчыл терроризм, Франция дагы бир жолу террордук чабуулдун бутасына айланды. Албетте, биздин эркиндикти талап кылган баалуулуктарыбыз жана идеалдарыбыз жапайычылыкка жана террорго багынып бербейт.”
Эске салсак, 29-октябрда Франциянын Ницца шаарындагы чиркөөнүн жанындагы кол салууда үч адамдын өмүрү кыйылды. Кол салуучу  курал колдонуп, курмандыктын биринин башын кесип алганы айтылууда.
Окуяга байланыштуу Макрон аскерлерди өлкөнүн негизги жерлерин, анын ичинде мектептер менен сыйынуучу жайларды коргоо үчүн жайгаштырарын ырастаган. Анын айтымында, коргоо күчтөрдүн саны жети миң адамга жетет.

Жарыяланды 01

Комментарий жиберүү