АКШдагы президенттик шайлоо: Байден жеңишке жакындап калды

АКШдагы президенттик шайлоо: Байден жеңишке жакындап калды

АКШда 3-ноябрда өткөн президенттик шайлоонун натыйжасында жеңишке мурдагы вице-президент, Демократтар партиясынын талапкери Жо Байден жакындап келе жатат. Делавер штатында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Байден жеңиш тууралуу азырынча так айта албаса да көпчүлүк штаттар аны колдогону анык болуп турганын билдирди: “Өнөктүк гана узак жана оор болбостон, жалпы өлкө үчүн оор убакыт болду. Мындай кыйынчылыктар мурда да болуп келген. Баары аяктагандан кийин биз, америкалыктар, шайлоо алдындагы айтылган катуу сөздөрүбүздү артта калтырып, демибизди басып, бири-бирибизди кайра уга…

Прочитайте больше

УКМК: Бир млрд. доллардан ашык насыя алып, Кыргызстанды карызга батырган компаниялар аныкталды

УКМК: Бир млрд. доллардан ашык насыя алып, Кыргызстанды карызга батырган компаниялар аныкталды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Коррупцияга каршы күрөш кызматы 1993-жылдан 2002-жылга чейин өлкөнүн башында турган мамлекеттик органдар жана кызматкерлер чет элдик банктар менен макулдашып алып, тамак-аш, жеңил өнөр жай, фармацевтика, тоо, кен, таштандыны кайра иштетүү боюнча заводдорду өнүктүрүү максатында алынган насыяларды кымырып алган фактыларды аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү таркатты. Иликтөөнүн корутундусунда айтылгандай «Кара-Балта тоо-кен комбинаты» АК, «Жибек-Жолу» АК, «Казкоммерцбанк», «Жылдыз» АК, «Кыргызпотребсоюз», «Жанар» АК, «Чүй агроөндүрүш компаниясы», «Ала-Тоо» мейманкана-ресторандар комплекси,…

Прочитайте больше

Бишкектеги көңүл ачуучу жайларды 15 күнгө жабуу сунушталууда

Бишкектеги көңүл ачуучу жайларды 15 күнгө жабуу сунушталууда

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаардык штабга борбордогу бардык көңүл ачуучу жайларды (банкет зал, түнкү клуб, бар, караоке клуб, кинотеатр, интернет клуб жана башкаларды) убактылуу жабуу боюнча токтомду сунуштап жатат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Түлөбаев билдирди. Анын айтымында, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шаар тургундарынан көңүл ачуучу жайларды жабуу боюнча мэрияга кайрылуулар түшүүдө. “Кайрылуулардан улам шаардык штабга борбордогу бардык көңүл ачуучу жайларды 15 күнгө чейин жабуу боюнча сунуш киргиздим. Аталган токтом кабыл алынса, анда жогоруда айтылган жайлар…

Прочитайте больше

Дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 48 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 48 миллиондон ашты

Жонс Хопкинс университетинин акыркы статистикасына ылайык, дүйнө жүзүндө коронавирус менен ооруган адамдардын саны 48 миллион 5 миң 784төн ашты. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Аталган университетинин маалыматы боюнча, азыркы тапка чейин дүйнө жүзүндө коронавирустан 1 миллион 224 миң 111 адам каза таап, жалпы 34 миллиондон ашуун бейтап айыкты. Ооругандардын саны боюнча АКШ дүйнөдө биринчи орунда турат. Бул өлкөдө вируска чалдыккандардын саны 9 миллион 694 миң 176 адамга жетти.

Прочитайте больше