Мусулмандын мамилеси

Мусулмандын мамилеси

Суроо: Айланабызда болсун, жумушта болсун ар түрдүү ишенимдеги жана мүнөздөгү адамдар менен кезигишибиз мүмкүн. Мусулман адам катары алар менен мамилебиз, мүнөзүбуз кандай болуусу керек? ЖООП Имам Газали хазреттери адамдарды төрт бөлүккө бөлүүдө: 1- Жеп-ичүү жана ойноп-күлүүдөн башканы билбегендер. 2- Катуулук, зулумдук менен мамиле кылгандар. 3- Куулук жана эки жүздүүлүк менен айланасындагыларды алдагандар. 4- Көркөм мүнөздүү болгон чыныгы мусулмандар. Адамдын көңүлүндө Аллаху таалага барган бир жол бар экендигин унутпоо керек. Бардык маселе ушул жол менен Ислам нурунун адамдарга жеткирилүүсү. Ошол нурду…

Прочитайте больше

Тоолуу Карабактагы эң чоң шаар бомбаланды

Тоолуу Карабактагы эң чоң шаар бомбаланды

Тоолуу Карабак аймагындагы Степанакерт шаары Азербайжан Республикасынын күчтөрү тарабынан катуу аткылоого туш болду. Бул тууралуу “Yjc” агенттиги маалымдады. Тоолуу Карабак аймагындагы эң ири Степанакерт шаары бейшемби күнү катуу аткыланган. “Чек арасыз кабарчылар” (RSF) уюму Степанакерт шаарында кооптуулуктан улам кармалып, чыга албай калган жарандарды коопсуз эвакуациялоого чакырууда. Бул уюм Твиттерде  Бириккен Улуттар Уюмун, Европа Кеңешин жана Азербайжан Республикасын жарандарды эвакуациялоо үчүн “бардык чараларды” көрүүгө чакырды. Аймактагы жарандардын катарында 80 жергиликтүү жана чет элдик журналисттер бар. Степанакертдеги атын атагысы…

Прочитайте больше

АКШда шайлоонун чыңалуусу менен бирге курал-жарак сатуулар да кескин өстү

АКШда шайлоонун чыңалуусу менен бирге курал-жарак сатуулар да кескин өстү

АКШдагы президенттик шайлоого байланыштуу чыңалуу күчөп, өлкөдө курал сатуу кескин жогорулады. “Pars Today” агенттигинин маалыматына ылайык,  америкалык курал-жарактар индустриясынын билдирүүсү боюнча, АКШда президенттик шайлоо күнүндө (3-ноябрь) 30 мүнөт ичинде 80 миңден ашуун ок-дары сатылган. Белгилей кетсек, Америкадагы курал саткан спорттук дүкөндөр курал-жарактар менен ок-дарыларга талаптар жогорулагандыктан, запастардын жетишсиздигин билдирип, бааларды 300-500 пайызга көтөрүп жиберген. “Fox News” агенттиги  АКШда президенттик шайлоо башталган мезгилде мылтык саткан дүкөндөрдүн текчелеринде бир дагы ок-дары калбай калгандыгын билдирди. Ошондой эле октябрь айында…

Прочитайте больше

ИИРдин Руханий лидери бир катар соттолгондордун кечирилишине жана жазаларын жеңилдетүүгө макулдук берди

ИИРдин Руханий лидери бир катар соттолгондордун кечирилишине жана жазаларын жеңилдетүүгө макулдук берди

Азирети Пайгамбарыбыздын (САВ) жана Имам Жаъфар Садектин (АС) туулган күнүнө карата Ислам Ыңкылабынын Жогорку Лидери Ирандагы бир катар соттолгондордун кечирилишине жана жазаларын жеңилдетүүгө макулдук берди. Tasnim News агенттигинин маалыматына ылайык, Аятолла Хаменейи Азирети Пайгамбарыбыздын (САВ) жана Имам Жаъфар Садектин (АС) туулган күнүнө байланыштуу камактагы 3780 айыпкердин жазасын кечирүүнү жана жеңилдетүүгө макул болду.Белгилей кетсек, Ислам Ыңкылабынын Жогорку Лидерине, Ирандын Сот бийлигинин башчысы Хужатул Ислам валь-Муслимин Раиси, Азирети Пайгамбарыбыздын (сав) жана Имам Жаъфар Садекдин (АС) туулган күнүнө карата…

Прочитайте больше

Ирандын Йемендеги элчиси: Трамп утулуп калса, саудиялыктар жетим калат

Ирандын Йемендеги элчиси: Трамп утулуп калса, саудиялыктар жетим калат

Йемен бийликтерине ишеним грамоталарын тапшырган Ирандын Йемендеги элчиси, Сауд Аравия менен БАЭ ММКларынын Тегеран менен Сана ортосундагы мамилелер жөнүндөгү дооматтарын четке какты. “Mehr News” агенттигинин маалыматына ылайык, Ирандын Йемендеги элчиси Хусейн Ирлоо Йемендин расмий адамдары менен болгон жолугушууда Аль-Сауд коалициясынын жана алардын маалымат каражаттарынын бир тараптуу аракеттерин айыптады. “Алар, Сана Ирандын куралы болуп калган деп жалаа жаап жатышат. ММКалар  калп маалыматтарды таратуу менен элчиден дипломатиялык наам алууга аракет кылып жатышат”, -деп кошумчалады Хусейн Ирлоо. Анын айтымында…

Прочитайте больше

Дания мутацияланган коронавирустун алдын алуу үчүн норкалардын баарын жок кылат

Дания мутацияланган коронавирустун алдын алуу үчүн норкалардын баарын жок кылат

Даниянын бийлиги норкаларда коронавирустун мутацияланган штаммы аныкталгандан кийин фермалардагы норкалардын баарын жок кылуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Ir.Sputnik” агенттиги кабарлады. Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен өлкөдөгү бардык норкалар жок кылынышы керек деп билдирди. Маалыматка ылайык, Данияда норкалар арасында коронавирустун мутацияланган штаммы аныкталган, ал адамдарга жугат. Мутацияланган COVID-19 штаммы организмдеги ооруга каршы иммунитеттин пайда болушуна тоскоолдук кылат. Азыркы учурга чейин Данияда коронавирустун жаны штаммы 12 адамдан аныкталды. Өлкөнүн премьер-министринин айтымында, чечкиндүү чаралар көрүлбөсө, инфекция Данияда гана эмес, бүткүл…

Прочитайте больше