Песков: Путин АКШдагы шайлоонун расмий жыйынтыгын күтөт

Песков: Путин АКШдагы шайлоонун расмий жыйынтыгын күтөт

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус президенти АКШнын жаңы шайланган лидерин куттуктабай жатышынын себебин билдирди. Анын айтымында, Владимир Путин Кошмо Штаттардагы шайлоонун расмий жыйынтыгын күтүүдө. «Биз шайлоонун жыйынтыгынын расмий жарыяланышын күтүү туура болот деп эсептейбиз. Президент Путин америкалыктардын тандоосу кандай гана болбосун аны сыйлай турганын бир нече жолу айткан. Ошондой эле ал АКШнын кайсы гана президенти болбосун, иштешүүгө даяр», – деди Песков. Путин 2016-жылы Трампты маалымат каражаттары анын утканын жарыялагандан бир нече саат өтпөй…

Прочитайте больше

Президенттик шайлоого талапкер болгусу келгендерден арыз 15-ноябрга чейин кабыл алынат

Президенттик шайлоого талапкер болгусу келгендерден арыз 15-ноябрга чейин кабыл алынат

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) президенттик шайлоого катышкысы келгендерден арызды 15-ноябрга чейин кабыл алат. Талапкер болгусу келгендер арыз берген соң 7-декабрга чейин колдоочуларынан 30 миңден кем эмес кол чогултуп, документтерин даярдап, миллион сом өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн коюшу кажет. Бул тууралуу «Азаттыкка» БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. «Талапкерлерди каттоо мөөнөтү 14-декабрда аяктап, 15-декабрда үгүт иштери башталат» , – деди Бекматов. Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, мамлекет башчылыкка ат салышкысы келгендерди партиялар көрсөтсө болот же жаран өзүн…

Прочитайте больше

Руханинин катышуусунда Шанхай лидерлеринин онлайн жолугушуусу өтөт

Руханинин катышуусунда Шанхай лидерлеринин онлайн жолугушуусу өтөт

ШКУ саммити бүгүн, 10-ноябрда онлайн режиминде өтөт. ISNA агенттигинин маалыматына ылайык, ШКУга мүчө мамлекеттердин жыйырманчы саммити онлайн режиминде бүгүн, 10-ноябрда ИИРдин президенти Хасан Руханинин катышуусунда жана Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин төрагалыгы астында өтөт.Белгилей кетсек, бул жолугушууда эң маанилүү аймактык, эл аралык саясий, экономикалык жана коопсуздук маселелер талкууланып, мүчө мамлекеттердин президенттеринин ортосунда ой-пикир алмашуулар болот.Эске салсак, Шанхай Кызматташтык Уюму эл аралык өкмөттөр аралык уюм жана ал 2001-жылы июнда Кытайдын Шанхай шаарында Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан…

Прочитайте больше

Армения, Орусия жана Азербайжан Карабак чатагын токтотуу боюнча келишимге кол коюшту

Армения, Орусия жана Азербайжан Карабак чатагын токтотуу боюнча келишимге кол коюшту

Армениянын өкмөт башчысы Орусия, Азербайжан жана Армениянын лидерлеринин ортосунда Тоолуу Карабактагы согушту токтотууга багытталган келишимге кол коюлгандыгын жарыялады. Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян бул тууралуу шейшемби күнү эртең менен билдирүү жасаганын «Mehr News» агенттиги маалымдады.Пашинян билдирүүсүндө ок атууну токтотуу армян эли жана жеке өзү үчүн абдан оор деп токтолуп, “Бул жеңиш эмес, бирок утулганыңды моюнга алмайынча, жеңилүү болбойт. Биз эч качан жеңилгенибизди мойнубузга албайбыз жана бул биз үчүн улуттук биримдик доорунун башталышы болот”, – деп билдирди.Ошондой эле,…

Прочитайте больше