Беларуссия ЕБтин 15 кызматкерине санкция киргизет

Беларуссия ЕБтин 15 кызматкерине санкция киргизет

Беларуссия өкмөтү Европа Биримдигинин жогорку даражалуу 15 аткаминерине жана Европа өлкөлөрүнүн лидерлерине каршы санкция киргизүүнү пландап жатканын жарыялады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Владимир Макей билдиргенин “Fars News” агенттиги кабарлады. “Sputnik” агенттиги маалымдагандай, өлкөнүн президенти Александр Лукашенко бул маселени өткөн аптада тышкы саясат боюнча жыйында көтөргөн. “Биз Европа Биримдигине жооп катары каршы чараларды киргизүүнү талкууладык. ЕБ Беларуссиянын ондогон аткаминерне санкция киргизген, ошондуктан биз да өзүбүздүн санкциялардын тизмесин түзүүнү пландап жатабыз, ага ЕБтин жогорку даражалуу аткаминерлери…

Прочитайте больше

Окумуштуулар коронавирус менен күрөшүүгө жардам берген суусундукту аныкташты

Окумуштуулар коронавирус менен күрөшүүгө жардам берген суусундукту аныкташты

Германиядагы Эссен университетинин клиникасынын Вирусология институтунун окумуштуулары коронавирус менен күрөшүүгө жардам бере турган суусундукту аташты. Шалфей жана жалбыз тукумундагы чөптөрдөн жасалган чай коронавирустун активдүүлүгүн басат. “Ir.Sputnik” агенттиги маалымдагандай, вирусологдор COVID-19 жуккан клеткаларды аталган чөп-чайлар менен инкубациялашкан. Алар алгач суусундукту кайнатышып, андан кийин 60 градус температурадагы сууда эки саат демдешкен. Эксперименттин жыйынтыгы боюнча, коронавирус инфекциясынын көбөйүшүн олуттуу басуу үчүн аталган чөп-чайлардын 30 мүнөттүк таасири жетиштүү болот. Эксперттер белгилешкендей, бул учурда жалпы вируска каршы натыйжа жөнүндө сөз кылынган жок,…

Прочитайте больше

Ооганстан балдар үчүн эң кооптуу өлкө

Ооганстан балдар үчүн эң кооптуу өлкө

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Аталган уюмдун маалыматына караганда, Ооганстанда 2005-жылдан бери 26 миңден ашуун бала набыт болуп же жаракат алганын билдирди. ЮНИСЕФ берген маалыматка караганда, 2017-2019-жылдар аралыгында Ооганстанда 300дөн ашуун мектепке кол салуу болуп, 410 мугалим жана окуучу каза болуп же жаракат алган. Ошондой эле бул өлкөдө жети миллион бала ачкачылыкка дуушар болуп, беш жашка чейинки үч миллион бала жетишсиз тамактанат.

Прочитайте больше

Конституциялык реформага каршы кол топтоло баштады

Конституциялык реформага каршы кол топтоло баштады

Кыргызстанда Конституциянын жаңы долбооруна каршы кол чогултуу башталды. Бул тууралуу 23-ноябрда юристтер тобу Бишкекте «Шашылыш конституциялык реформа: мыйзамдуулук жана негиздүүлүк» деген темада өткөргөн брифингде билдиришти. Юристтердин айтымында, кол чогултуу электрондук ыкма менен www.stop-referendum-kg.com сайты аркылуу жүрүп жатат. Демилгечилер референдум тууралуу мыйзам долбоорун чакыртып алуу жана парламенттик шайлоо өткөрүү үчүн кеминде жарым миллион кол чогултууну көздөп жатышканын маалымдашты. Конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева буларды айтты: «Эгерде азыр биз конституциялык реформага ушундай жол…

Прочитайте больше