Беларуссия ЕБтин 15 кызматкерине санкция киргизет

Беларуссия өкмөтү Европа Биримдигинин жогорку даражалуу 15 аткаминерине жана Европа өлкөлөрүнүн лидерлерине каршы санкция киргизүүнү пландап жатканын жарыялады.

Бул тууралуу аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Владимир Макей билдиргенин “Fars News” агенттиги кабарлады. “Sputnik” агенттиги маалымдагандай, өлкөнүн президенти Александр Лукашенко бул маселени өткөн аптада тышкы саясат боюнча жыйында көтөргөн. “Биз Европа Биримдигине жооп катары каршы чараларды киргизүүнү талкууладык. ЕБ Беларуссиянын ондогон аткаминерне санкция киргизген, ошондуктан биз да өзүбүздүн санкциялардын тизмесин түзүүнү пландап жатабыз, ага ЕБтин жогорку даражалуу аткаминерлери жана айрым Европа өлкөлөрүнүн лидерлери кирет”, – деди Маки Беларуссиянын Биринчи каналына берген маегинде.

Европа Биримдиги Минск өкмөтүнүн оппозициясын колдоп, азыркы учурга чейин Беларуссиянын 40 аткаминерине санкция киргизип, Лукашенко баш болгон Минск өкмөтүнүн дагы 14 кызматкерине санкция салууну пландап жатат. Ага ылайык, санкцияга кабылган адамдардын Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге баруусуна тыюу салынат жана Европа өлкөлөрүндөгү алардын мүлкү тоңдурулат. Беларуссияда август айында болуп өткөн шайлоо Лукашенко добуштардын 80 пайызын жеңип алгандан кийин, бул өлкөдө нааразычылык толкуну башталып. Азыркы тапка чейин уланууда.

Комментарий жиберүү