Окумуштуулар коронавирус менен күрөшүүгө жардам берген суусундукту аныкташты

Германиядагы Эссен университетинин клиникасынын Вирусология институтунун окумуштуулары коронавирус менен күрөшүүгө жардам бере турган суусундукту аташты.

Шалфей жана жалбыз тукумундагы чөптөрдөн жасалган чай коронавирустун активдүүлүгүн басат. “Ir.Sputnik” агенттиги маалымдагандай, вирусологдор COVID-19 жуккан клеткаларды аталган чөп-чайлар менен инкубациялашкан. Алар алгач суусундукту кайнатышып, андан кийин 60 градус температурадагы сууда эки саат демдешкен.

Эксперименттин жыйынтыгы боюнча, коронавирус инфекциясынын көбөйүшүн олуттуу басуу үчүн аталган чөп-чайлардын 30 мүнөттүк таасири жетиштүү болот. Эксперттер белгилешкендей, бул учурда жалпы вируска каршы натыйжа жөнүндө сөз кылынган жок, анткени герпес вирусу менен мындай эффектке жетишүү мүмкүн болгон эмес.

Алардын айтымында, бул чөптөрдөн жасалган чайларды COVID-19 оорусунун алдын алуу чарасы катары колдонсо болот. Бирок азырынча алардын изилдөөлөрүнүн натыйжаларын башка окумуштуулар баалаша элек.

Комментарий жиберүү