Ооганстан балдар үчүн эң кооптуу өлкө

БУУнун Балдар фонду ЮНИСЕФ Ооганстанда 2005-жылдан бери азыркы учурга чейин күнүнө орто эсеп менен беш бала каза таап же жаракат аларын айтып, бул өлкөнү балдар үчүн дүйнөдөгү эң кооптуу өлкө деп атады.

Бул тууралуу “Fars News” агенттиги кабарлады. Аталган уюмдун маалыматына караганда, Ооганстанда 2005-жылдан бери 26 миңден ашуун бала набыт болуп же жаракат алганын билдирди. ЮНИСЕФ берген маалыматка караганда, 2017-2019-жылдар аралыгында Ооганстанда 300дөн ашуун мектепке кол салуу болуп, 410 мугалим жана окуучу каза болуп же жаракат алган. Ошондой эле бул өлкөдө жети миллион бала ачкачылыкка дуушар болуп, беш жашка чейинки үч миллион бала жетишсиз тамактанат.

Комментарий жиберүү