Коронавирус Орусиядагы ондогон банктарды банкрот кылды

Орусиядагы банктардын 10%ы коронавирустун айынан жабылуу алдында турат.

Iran Press агенттигинин маалыматына ылайык, коронавирустун жайылышы Орусиянын ондогон банктарын банкрот кылды.
Орусиялык маалымат каражаттары, анын ичинде мамлекеттик телеканалдын экинчи каналы 23-ноябрдагы билдирүүсүндө өлкөдө ондогон банктарынын лицензиялары жокко чыгарылышы мүмкүн деп кабарлашты.
Бул маалыматтарга ылайык, келерки жылы коронавирус эпидемиясынын айынан Орусиянын Борбордук банкы капиталы жок 35 алсыз банкты жабат жана бул Орусия банктарынын 10%ын түзөт.
Белгилей кетсек, ушул тапта орусиялык банктардын 26%ы чыгым менен иштеп жатышат жана орусиялык банктардын 36%ы инвестициянын кескин төмөндөшүнө туш болушту.
Ал эми келерки жылы бул процесс улана бесре, Орусиянын дагы көптөгөн банктарынын иштөө лицензиялары жокко чыгарылаары күтүлүүдө.
Эске салсак, Орусияда коронавирустун статистикасы акыркы сутка ичинде 25173 жаңы бейтап катталуусу менен өлкөдөгү бейтаптардын жалпы санын 2 114 502ге жеткирди. Учурда бул вирустун кесепетинен 36 540 адам өмүрүнөн айрылды.

Комментарий жиберүү