Палестинанын Ислам Жихады: Эр-Рияддын Нетаньяхуну кабыл алышы Кудс менен Меккеге кыянаттык кылуу менен барабар

Палестинанын исламдык Жихад кыймылы Сауд Аравиясынын Израилдин премьер-министрин кабыл алышын айыптады.

Fars News агенттигинин Эл аралык тобу билдиргендей, Палестинанын исламдык Жихад кыймылы Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кабыл алуусун уюштурган Сауд Аравияны айыптады.
Белгилей кетсек, “Ислам жихады”, Нетаньяхунун Эр-Риядга сапары Палестина элине, мусулман үммөтүнө жана ыйык жерлерге каршы кеңири агрессиянын башталышы болот- деп эскертти.
Ал ошондой эле, Эр-Рияддын бул иши Кудс, Мекке, Медина жана аль-Акса мечитине чыккынчылык экенин айтты.
Билдирүүдө “Ислам Үммөтүнүн маанилүү жана ыйык жерлери үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган Сауд Аравиянын баскынчы Израиль режимин кабыл алуусу сионисттердин Палестинанын Ыйык жеринде өзүнүн агрессивдүү саясатын улантууга түрткү берет”,- деп кошумчаланды.
Эске салсак, Израилдин маалымат каражаттары 23-ноябрда Израилдин премьер-министри Нетаньяху, АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео, Сауд Аравиясына болгон сапарында мураскор ханзаада Мухаммед бин Салман менен жолугушканын кабарлашты.

Комментарий жиберүү