Франциянын экс-президентинин соту Парижде башталды

Франциянын экс-президенти Николя Саркозинин коррупцияга айыпталган сот иши Парижде башталды.

Mehr News агенттигинин маалыматына ылайык, Парижде Франциянын экс-президенти Николя Саркозинин коррупция жана мыйзамсыз иштерин айыптаган сот иши 23-ноябрда башталганын Рейтер билдирди.
Белгилей кетсек, Николя Саркози 2014-жылы Монакодогу жогорку даражалуу казынын кызмат ордуна көтөрүлүшүнө таасир берип, казы ордуна анын коррупциясы жөнүндө маалыматтарды жашырган.
Бүгүнкү сотто Саркозинин адвокаты Тьерри Херцог жана казы Гилберт Азибер дагы айыпталуучулар менен бирге катышышууда.
Сот иши алгач 2014-жылы башталып, бирок кандайдыр бир себептер менен кийинкиге калтырылган болсо, бул жолу ушул жылдын 23-ноябрынан 10-декабрына чейин уланмакчы.
Эгер Саркози күнөөлүү деп табылса, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы жана 1 миллион евро айып пул төлөшү мүмкүн.
Ошондой эле Франциянын экс-президентине өткөн айда да Ливиядагы сот жараянында “кылмышкерлерге шериктеш болду” деген айып тагылган.
Эске салсак, буга чейин Ливия сотунда 2012-жылдагы окуяларга байланыштуу “коррупцияны уюштуруу”, “коомдук мүлктү уурдоону жашыруу “ жана “шайлоо кампаниясын мыйзамсыз каржылоо” беренелери боюнча айып тагылган.

Комментарий жиберүү