Армениянын президенти: Азербайжанга бардык тармактарда уттурдук

Саркисян: Биз жабдылган жана машыккан армия топтой алган жокпуз.

Pars Today TJ агенттигинин маалыматына ылайык, Армениянын президенти Армин Саркисян, Ереван Тоолуу Карабак жаңжалында Азербайжанга уттурганын мойнуна алды.
“Акыркы жылдары армениялыктар аскердик машыккан шаймандар менен армия түзө алышкан жок, натыйжада Тоолуу Карабак аймагында Азербайжан Республикасынын армиясына туруштук бере алышкан жок”, – деди Армин Саркисян.
Армениянын Президенти: Биз согуш майданында гана уттурган жокпуз, Тоолуу Карабактын калкы акыркы жылдары көбөйбөгөндүгүнүн өзү эле жеңилүү болду”,- деп кошумчалады.
Армениянын Президенти ошондой эле Арменияда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону өткөрүүгө чакырып, өлкөнүн бийликке болгон ишениминде жана мамилесинде олуттуу көйгөйлөр бар экендигин билдирди.
Белгилей кетсек, Саркисян Орусиянын жана Азербайжандын премьер-министрлери жана президенттери кол койгон ок атышпоо келишимине эч кандай тиешеси жоктугун жана бул жөнүндө билбегендигин баса белгиледи.
Эске салсак, Армения менен Азербайжан Республикасы 10-ноябрда Орусиянын арачылыгы менен Тоолуу Карабактагы согушту токтотууга макулдашышкан. Армениянын эли бул келишимди кабыл албай, “Никол Пашиняндын” аракеттерине нааразычылыгын билдиришип, митинг уюштуруу менен анын бийликтен кетүүсүн талап кылышкан.

Комментарий жиберүү