Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктургандардын саны 59 миллиондон ашты

“Reuters” агенттиги дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны жана өлүмдөрдүн саны 59 миллион 43 миңге жеткенин жана илдеттен каза болгондордун саны 1 миллион 400 миңден ашканын билдирди.

Бул тууралуу «Fars News» агенттиги жазды.
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын жана анын курмандыктадын саны дагы деле көбөйүүдө. Илдет боюнча Америка Кошмо Штаттарында абал оор жана өлкө боюнча бул вирус менен 12 миллиондон ашуун адам ооруп, 257690 курмандык катталды.
БАЭнин расиий маалымат агенттиги (WAM) “Reuters” дүйнөдө илдетти жуктургандардын жана каза болгондордун саны көбөйгөнү боюнча жазганын маалымдады.
“Reuters” кечээ, шаршемби күнү дүйнөдө коронавирус эпидемиясынын абалы боюнча жаны статистикасын жаңылады. Ага ылайык, дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны 59 миллион 43 миңге, ал эми курман болгондордун саны 1 миллион 403065ке жетти.
Коронавирус боюнча 12 миллиондон ашуун учур, 257690 курмандык катталган АКШ дүйнөдөгү илдет кеңири жайылган алдыңкы 20 мамлекеттин сап башында турат.
2019-жылдын декабрь айында башталган коронавирус учурда 210дон ашуун өлкөдө жана аймактарда кучагын жайган.

Комментарий жиберүү