Легендарлуу футболчу Диего Марадона каза болду

Аргентинанын ММКлары футбол боюнча дүйнө чемпиону Диего Марадона көз жумганын маалымдашты.

«ir.Sputnik News» агенттигинин маалыматына ылайык, Аргентинанын футбол боюнча мурунку Улуттук командасынын оюнчусу, легендарлуу Диего Марадона каза болду.
Марадона 60 жашта болчу. Ал 30-октябрда туулуп өскөн жериндеги ооруканалардын бирине түшкөнү, кийинчерээк анын мээсине операция жасалып, 12-ноябрда ооруканадан чыгарылганы кабарланган.
Диего Марадона Аргентинанын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу, дүйнөнүн чемпиону болгон. Анын спорттогу чеберчилиги жогору бааланып, дүйнөдөгү эң атактуу футболчу катары атагы чыккан.
Акыркы жылдары Марадона Аргентинанын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп эмгектенип келген.

Комментарий жиберүү